Talas FM

Talas FM

Share

Радио Талас ФМ

18/03/2025

Бардык #Текшердим инфо кампаниясына тиешелүү контенттин алдына ушул текстти жазганды унутпаңыздар:

Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

Photos from Talas FM's post 14/10/2024

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган иш чара гала концерт менен аяктады.

Photos from Talas FM's post 12/10/2024

11-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык бөлүгү болуп өттү.

Финалга Талас району менен  Ч. Айтматов районунун командалары чыгып, 7:4 эсеби менен Талас району жеңишке ээ болду.

Ал эми биринчи орунду багындырган Талас районунун командасына баш байге — автоунаа ыйгарылды. Экинчи орунду ээлеген Айтматов районунун командасына 300 миң, үчүнчү орунду алган Талас районунун 2-командасына 200 миң, төртүнчү орун - Чүй-Токмок командасына 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, аталган мелдешке Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жалпы 10 команда катышты.
#80жылдык

Photos from Talas FM's post 11/10/2024

“КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ АЛА КИЙИЗ” ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Талас облусунун 80 жылдык мааракесинин алкагында бүгүн 11-октябрда, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалынын ачылышы болуп ѳттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев, өлкөнүн жети дубанынан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышышты.

“Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы кыргыз элинин эзелтен муундан –муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн, маданий мурастарын сактоо, жайылтуу максатында уюштурулууда.

Photos from Talas FM's post 02/10/2024

“Ачык өкмөт долбоору алкагында түз эфирлер уланып турат”. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакунов маалымдады. Мындай берүүлөр өкмөт менен жарандардын байланышын бекемдеп, көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет. Р.Я. Рысакова атындагы №2- мектебинде шаар башчысы болгон менен жолугушууда көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук системасынын жоктугу, электроэнергиянын 14 саатка чейин өчкөндүгү жана башка маселелер каралды.

01/10/2024

Президент Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык жана жети облустун тең жергиликтүү кеңештерин таратты.

Себеби административдик-аймактык реформадан кийин айыл аймактардын саны кыскарган.

Жергиликтүү кеңешке кайра шайлоо ушул жылдын 17-ноябрына белгиленди

Photos from Talas FM's post 01/10/2024

DASH 8 Q-400 УЧАГЫ ТАЛАС АЭРОПОРТУНА АЛГАЧКЫ КАТТАМЫН БАШТАДЫ

30-сентябрда Талас аймактык аэропортуна Dash 8 Q-400 үлгүсүндөгү учак алгачкы каттамын баштады.Биринчи каттам менен 50 жүргүнчү учуп келди. Билет баасы Бишкек-Талас 2200 сомдон сатылды.

Белгилей кетсек, жаңы сатылып алынган Канаданын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү 2 миң километрге чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.

Photos from Talas FM's post 28/09/2024

2025-жылы Таласта чоң автобустар каттап калышы мүмкүн

Талас шаарынын мэри 2025-жылга иш план түзүү үчүн жандуу жолугуушуларды өткөрүп жатат. Бул жолу иш чара Жолчубек уулу Урмат атындагы № 9- орто мектебинде өттү. Ага тургундар келип, өз көйгөйлөрүн айтышты. Жолугушууда жылуулук, суунун жоктугу, жол кире жана башка суроолор айтылды. Кененирээк карусельден окуңуз.

27/09/2024

Саламатсыздарбы, «Талас ФМ» радиосунун угармандары «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында, 25-СЕНТЯБРЬ Талас шаарынын мэри  Байышбек Астанакунов менен түз эфир өтөбүз. Түз эфирди баракчасы аркылуу көрө аласыздар.

  Эгерде  кала башчысына суроо бергиңиз келсе жандуу жолугушуу га келсеңиз болот. Дареги: Р.Я.Рысакова атындагы #2 орто мектеби. Башталышы17.00 Келип көйгөйдү ордунан чечип кетиңиз!

26/09/2024

Саламатсыздарбы, «Талас ФМ» радиосунун угармандары «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында, 25-СЕНТЯБРЬ Талас шаарынын мэри  Байышбек Астанакунов менен түз эфир өтөбүз. Түз эфирди баракчасы аркылуу көрө аласыздар.

  Эгерде  кала башчысына суроо бергиңиз келсе жандуу жолугушуу га келсеңиз болот. Дареги: А. Чолпонкулов атындагы #1 орто мектеби. Башталышы17.00 Келип көйгөйдү ордунан чечип кетиңиз!

Want your business to be the top-listed Media Company in Talas?
Click here to claim your Sponsored Listing.

Category

Telephone

Address


Talas

Opening Hours

09:00 - 17:00