Azattyk+

Azattyk+

Share

Azattyk+ caştar üçün. URL: https://www.azattyk.org/PlusTV "Азаттык" үналгысынын кыргыз жаштарына арналган атайын FaceBook куржуну.

I am a special FaceBook branch of Azattyk ünalgysy's multimedia platforms for the Kyrgyz youth.

Аким Өзгөн - Ала-Тоого “Азаттыктын” көпүрөсүн орноткон инсан 13/12/2025

Аким Өзгөндү эскерүү

Бүгүн маркум Аким Өзгөндүн (13.12.1953--27.3.2017) тууулган күнү эле...

Барпы уулу Өзгөн өз үй-бүлөсү менен бирге XX кылымдын башында кыргыз коомунун бир кыйла өкүлдөрү баштан кечирген бозгундук азап-тозокту көрүп, Өзгөндөн Чыгыш Теңир-Тоого жана андан ары Пакистан жергесине көчүп барган. Ал - эгеменчилер кыймылынын өкүлү болчу.

Барпы ата Пакистанда 1953-жылы 13-декабрда перзенттүү болуп, атын Аким койгон.

Барпы ата жана башка тууган-туушкандары ал жактан Түркия жумуриятына келип жайгашып калышкан, бирок азыркыга чейин Пакистанда кала берген туугандары да бар.

Ата-энеси Түркияга келген соң, ал Түркиянын атуулдугун алган. “Өзгөн” деген тегатты алганда, Аким өзүнүн ата-бабасынын жерин өмүр бою таберик кылып эстеп жүрүү үчүн тандаган. Агасы Хамид Өзгөн (кыргызча Каамыт Өзгөн) жана бир катар башка тууган-туушкандары да ушул тегатты сыймык менен алып жүрөт.

Түркия Барпынын бүлөсүнө башпаана гана бербестен, билимге, кесипке ээ болуп, атуулдук бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга да шарт түзгөн экинчи Ата Журт болуп калды.
Аким аганын иниси Аруун Барпы Түркиянын аскеринде маал-маалы менен кызмат өтөгөндүгүн айтканы эсимде.

1980-жылдардан тартып Аким Өзгөн башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа /Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматында (“Азаттык” үналгысында) иштей баштаган. Бул кызматтын директору Азамат Алтай 1988-жылы ардактуу эс алууга кеткен соң, кыргыз тили так, шыктуу Аким Өзгөн ордуна “Азаттык” үналгысынын жетекчиси болуп дайындалган.

Дал ошол доор – Кыргызстанда Кайра куруулар доорунун күрдөөл кезеңи болчу.

Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен ал алгачкы болуп өз тарыхый мекенине расмий сапар менен келген. Балтика боюндагы өлкөлөр үчүн иштеген кызматтардын биринин башчысы бир ирет жалпы “Азаттык” боюнча өзү биринчи болуп СССРге барганын айтканда, мен ага түзөтүү киргизгеним эсимде: мындай биринчи жетекчи – кыргыз болчу, Аким Өзгөн мырза болчу! Бул маалыматты Аким аганын өзүнөн да тастыктагам.
Аким Өзгөн 1989-жылы августта Ала-Тоого келген, ал эми Балтика боюндагы алиги кызматтын деректири сентябрда барган.
Аким байкенин алгачкы ирет Ала-Тоого келишинин максаты ‑ 1989-жылы август-сентябрда демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тоюна катышуу эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.
Чыңгыз агай Аким Өзгөндүн Мүнхендеги үйүндө да ошол Кайра куруулар доорунда конокто болгон. Акимдин эки уулуна Нойон, Айкут деп Чыңгыз Айтматов ат койгон. Кенже уулуна Аким ага өзү бир байкесинин атына уйкаш болсун деп Эркут ысымын берген.
Ал кезде КТРден бир берүү уюштурулуп, Аким Өзгөндөн журналист мындай деп сурап калды:
“Сиз Германиянын Мүнхен шаарында жүрүп кыргызча таза сүйлөйт экенсиз. Себеби эмнеде?
Аким байке өзүнө таандык жумшак юмор менен:
“Анткени мен Фрунзе шаарында жашабайм да!” деп жооп узаткан.
Андан көп узабай эле, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жалгыз кыргыз тилин “мамлекеттик тил” деп жарыялаган.

Аким Өзгөн агай 1990-жылдан тартып кабарчы катары “Азаттыкка” кыргызстандыктарды тартуу ишин баштады.
Мурдараак жазганымдай, ошентип, “Азаттык” үналгысы жалпы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы боюнча СССР кулай элек кезде өзүнө жергиликтүү кабарчы таба алган алгачкы кызмат (редакция) болуп калды.

Бул – кыргыз тилинде берүү уюштурган “Азаттыкка” гана упай алып келбестен, аны менен ачык кызматташууга дааган инсан чыккан кыргыз совет коомун да мактоого арзытат.

Бул алгачкы кабарчы – белгилүү түрколог окумуштуу, топонимист, тилчи Кадыралы Коңкобаев агай эле. Ал, жаш илимпоз чагында, 1990-жылы жана 1991-жылдын март айынын акырына чейин “Азаттыктын” туңгуч кабарчысы катары иштеди.

1991-жылы мартта К.Конкобаев Түркияга орток түрк сөздүгүн түзүү жаатындагы илимий сапарга кетти.

Аким Өзгөн мырза 1991-жылдын апрелинен тартып мени “Азаттыктын” экинчи кабарчысы катары кызматка алды.
1992-жылдан тартып “Азаттыктын” Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп калдым.

Аким Өзгөн 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстанда орто толкунда жана башка жыштыктарда обого чыгарууга, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун ачууга жетишкен...

(Калганын бул макаладан окуңуз):

https://www.azattyk.org/a/hakim_ozgen_obituary_by-chorotegin/28393325.html

Т.Чоротегин

13.12.2025.

Аким Өзгөн - Ала-Тоого “Азаттыктын” көпүрөсүн орноткон инсан “Азаттык” үналгысынын мурдагы директору Аким Өзгөн 27-мартта дүйнөдөн кайтты.

КТО ВЫИГРАЛ ВТОРУЮ МИРОВУЮ? Правда, которую скрывали! 27/09/2025

Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы АКШнын ленд-лиз программасынын Советтер Биримдигине көмөгү жаатындагы ыңгайсыз делген маалымат.

Муну Мединскийдин китеби эч калыс айтпайт.

https://youtu.be/xd_y9uDoIf4?si=xkQNf5HvJ2RN9FyK

2025.

КТО ВЫИГРАЛ ВТОРУЮ МИРОВУЮ? Правда, которую скрывали! Кто выиграл Вторую мировую войну? Ленд-лиз США или подвиг СССР? 🔥 Разбираю архивные документы о реальной роли американской помощи в Великой Отечественной во...

“Демократия аралчасы” наамын кайтара алабызбы же жокпу?Тынчтыкбек Чоротегин // Маек 14/07/2025

Кыргызстандын жарандык коому сөз эркиндигин аздектейт

Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен маек

Салттуу демократиялык мамлекеттердин да кризиске дуушар болуп жатканы, эмне себептен болууда? “Азаттыктын”, BBCнин тагдыры.

Авторитардык коңшу мамлекеттердин Кыргызстанга болгон таасири. Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) феномени.

https://www.youtube.com/watch?v=waXqc8f07TA

“Демократия аралчасы” наамын кайтара алабызбы же жокпу? Тынчтыкбек Чоротегин менен маек

ShamanTV

02.7.2025

Adil Turdukulov

“Демократия аралчасы” наамын кайтара алабызбы же жокпу?Тынчтыкбек Чоротегин // Маек Салтту демократиялык мамлекеттердин да кризиске дуушар болуп жатканы, эмне себептен болууда? “Азаттыктын”, BBCнин тагдыры. Авторитардык коңшу мамлекеттердин ...

Киев Орусиянын Крымга ээлигин тааныбайт 23/04/2025

Киев Орусиянын Кырым жарым аралына ээлигин эч тааныбайт

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондондогу жолугушуунун алдындагы брифингде билдирди.

"Бул биздин, Украинанын элинин аймагы. Бул жерде андан башка сөз болушу мүмкүн эмес, ал биздин Баш мыйзамга туура келбейт", — деди Зеленский.
Анын айтымында, Орусия аннексиялап алган Кырымдын жана башка аймактардын макамын талкуулоо согуштун узарышына алып келет.
Зеленский 23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн мурдараак жарыялаган.
Украин президенти Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты ок атышууну шартсыз токтотуу экенин айткан.

Буга чейин The Washington Post басылмасы булактарынын таянып, 23-апрелде Лондондо өтчү сүйлөшүүлөрдө АКШ украиналык делегацияга аннексияланган Кырымды Орусиянын аймагы деп таануу жана фронт сызыгын азыркы абалда токтотууну сунуштарын жазып чыккан. Ушундай эле мазмундагы маалыматты өткөн аптада Bloomberg жана The Wall Street Journal да жарыялаган.

Зеленский учурда Орусия көзөмөлдөп турган Запорожье АЭСин Украина башкарышы керектигин белгиледи. Муну менен буга чейин аталган атомдук станцияны АКШ көзөмөлгө алууну көздөп жатканы тууралуу маалыматтарга жооп кайтарды. Украин президенти Кошмо Штаттар Украинасыз аталган АЭСти иштете албасын кошумчалады.

“Эгерде биз АКШ менен бирге АЭСти калыбына келтирип, электр энергиядан акча тапсак - бул нормалдуу эле көрүнүш”, - деп билгилеген Зеленский.
Wall Street Journal гезити буга чейин Вашингтондун Украинага согушту токтотууга багытталган сунушунда АКШ Крымдын аннексиясын тааный турганы жана Украинанын НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу сыяктуу шарттар жазылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда бул аймактардан орус аскерлерин чыгаруу боюнча талаптар сунуштарда көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, сунушта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу жана Батыш өлкөлөрүнүн Киевге аскердик жардам көрсөтүүсүн же Европа аскерлерин жайгаштырууну четке кагуу камтылган эмес.

The Wall Street Journal гезитинин булактарынын айтымында, планда каралган дагы бир сунуш – Запорожьедеги атомдук электр станциясы жайгашкан жерди “нейтралдуу аймак” деп жарыялоо. Бул аймак АКШнын көзөмөлүндө болушу мүмкүн экени айтылууда. АЭСти 2022-жылдын март айында орус аскерлери убактылуу басып алган.

23.4.2025

https://www.azattyk.org/a/33394235.html

Азаттык.

Киев Орусиянын Крымга ээлигин тааныбайт Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондондогу жолугушуунун алдындагы брифингде билдирди. "Бул биздин, Украинанын элинин аймагы. Бул жерде анда...

02/02/2025

Аскар Салымбековдун “Дордой” базары – эркин базарга карай чыйыр


Посткоммунисттик демократиячыл өлкөбүздө ар бир жеке ишкердин Башмыйзамга ылайык адилет мамилеге кабылышы – жалпы өлкөбүздүн жана жарандык коомубуздун жаркын болочогу үчүн зарыл кепилдиктердин бирин жаратат. Анткени ишкердик да, жогоруда айтылгандай, чыныгы жаратмандык булагы болуп саналат.

Аскар Салымбековдун ишмердиги жана “Дордой” базары: Кыргызстандагы эркин базар мамилелерине жол чабуу.
https://www.azattyk.org/a/asqar_salymbekovdun_caratmandygy_02-02-2025_chorotegin/33300416.html
Т.Чоротегин.
02.02.2025.

Путинди азил менен “туздашууда” 30/01/2025

Путин: – Сүйлөшүүлөрдү Минск шаарында өткөрөлү.
Зеленский: – Биз Варшава шаарын сунуштайбыз.
Путин: – Ал жакта мени камап, Гаага сотуна жөнөтүшөт да...
Зеленский: – Бирок Орусия элинин кызыкчылыгы толук сакталмак!

*********

Путин согуш башталганда Украинага:
“Жагабы сага, же жакпайбы, эми чыда, сулуу бийке!”
Путинге Украина согуштун этегинде:
“Жагабы сага, же жакпайбы, эми өзүң чыдай көр Гаагада!”

*********

Путин жана диагноз:
өлкөдө өмүр бою чексиз бийлик кылуу – ушунчалык ширин нерсе тура, бул таттууну колдон чыгаргыча, мамлекет башчы өз өлкөсүнүн калкы менен чогуу көз ачып-жумгуча бейишке кетип, калгандарын бүт дароо тозок отуна күйгүзүүнү гана артык көрөт!

*********

Путин Кремлдеги айрым расмий жолугушуулар маалында кабылдоосуна келгендерден 20 метрдей алысыраак отурган кездеги анекдот:
– Урматтуу президент, мага дүрбү алып келишсинчи! Мен алысты жакшы көрө албай жүрөм.

*********

Геленжиктеги ак сарай тууралуу тасма баянга Путиндин ачуусу келди:
– Муну дароо өзгөрткүлө! Өтө эле кооз болуп калыптыр! Көз тийбесин!..
– Кайсы долбоорду үлгү кылып алсак, урматтуу Владимир Владимирович!
– Навальныйдын тасмасын негиз кылып алгыла.

*********

НАТОнун улам кеңейишинен чочулаган Путин элине жар салды:
"Өлкө – кас-душмандын курчоосунда!" ("Страна в кольце врагов").
Эргулдугун көрүп ал, айтканын кылды! (Пацан сказал, пацан сделал).
[Ар кандай саат-балакеттен алыс туруу үчүн Финляндия менен Швеция НАТОго кирип алышты].

*********

Жаңы жылдык куттуктоодон соң, көгүлтүр экранга тигилген орусиялык:
– Деги, урматтуу Владимир Владимирович! Мындан ары бизди “жаркын келечегиңизге” чакырбай эле коюңузчу. Тойдук!.. Андан көрө мындан ары жамандыгыңызды азыраак көрөлү!

*********

Азил: Неге Акаев, Янукович жана Башар Асад кудайга Путин үчүн жалбарышат?..

Евразия тарыхында ар бир диктатор жана авторитардык төбөл жөнүндө куйкум тилге ширелген азилдер арбын чыгарылчу. Азыркы Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин да соңку чейрек кылым бою саясий азилдердин бутасына айланып келет.

https://www.azattyk.org/a/putun_tuuraluu_azilder_kuelkue-kerben_30-01-2025/33297526.html

30.1.2025.

Путинди азил менен “туздашууда” Евразия тарыхында ар бир диктатор жана авторитардык төбөл жөнүндө куйкум тилге ширелген азилдер арбын чыгарылчу. Азыркы Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Пути....

Казак тарыхчылары: Жаңы табылгаларыбыз арбын 29/01/2025

Астана шеринесинин (25.1.25) айрым сабактары

Астана шеринесинен улам өзүм алган сабактардын айрымдарын ачыктай кетким келет.
Заманбап казакстандык тарыхчылар жана долбоор жетекчилери илимий жогорку серени камсыздоо үчүн чет өлкөлүк археолог, булак таануучу, архив таануучу жана башка адис тарыхчыларды өз илимий долбоорлоруна (маселен, 7 томдукту жазууга) кеңири тартышууда.

Ошого карабастан, алар дүйнө тарыхын, чөлкөм тарыхын жана Ажурт тарыхын чагылдырууда мурдагыдай Маскөө сыяктуу борборлорго идеологиялык жана башка өңүттөрдөн эч кандай кылчактабастан, өз алдынча идеологиялык-саясий турумун, методологиялык, усулдук мамилелерин иштеп чыга алышты.
Чет өлкөлөрдө туулуп-өскөн казак тектүү окумуштууларга толук ишеним жана мүмкүнчүлүк берилген. Маселен, Ч.Валиханов атындагы ТЭИнин Башкы директору, академик Зиябек Кабылдинов Орусиянын Омбу аймагында, ал эми Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун Башкы директору, профессор Дүкен Масимхануулу мырза (текестик кыргыздардын жээни) – КЭРдин ШУАРында жарык дүйнөгө келишкен.

Чет өлкөлөрдөн көчүп келип, Казакстандагы илимий мекемелерде (анын ичинде Эл аралык Түрк академиясында жана университеттерде) иштеп жаткан чет элдик чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчылар жана башка адистер арбын. (Астанадагы жыйында АКШдан келип иштеп жаткан теги татар профессор Юлай Шамилоглу агай менен да кезиктим).
Казак тарыхчылары жалаң гана өз улутунун тарыхын изилдөө менен чектелбестен, Евразиянын кеңири мейкиндигинин тарыхын да изилдешүүдө.

Албетте, казак тарыхчылары чечиле элек көйгөйлөрдү да ачык айтып жатышты.

Олуттуу бир көйгөй – Орусиядагы айрым архивдик корлордун путиндик доордо казакстандык изилдөөчүлөр үчүн жарым-жартылай чектелип калгандыгы. 1990-жылдары колго эркин тийчү бир катар орусиялык архивдик даректүү маалыматтар эми иргелип гана бериле баштады, деп бир казак тарыхчысы бизге айтты. Бул көйгөй кыргызстандыктар үчүн дагы чоочун эмес.

Ал эми эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жаткан Украинаны ачык колдоп сүйлөп койгон айрым таанымал казак тарыхчылары Орусияда “кара тизмеге” алынган.
Көйгөйлөрдүн бири – казакча тексттерди, орус, англис, түрк, кытай жана башка тилдерге жогорку деңгээлде которо алчу жана чет тилдерден казакчага которууга жарамдуу кесипкөй котормочу адистердин таңкыстыгы. Кантсе да, илимий терминдердин өзгөчөлүктөрү бар эмеспи.

Азырынча ушул саптар менен сөзүмдү аяктай турайын.
Эң башкысы – казак жана кыргыз тарыхчылары өз ара илимий кызматташтыгын ырааттуу улантышууда.

*******

Казак тарыхчыларынын Астанадагы илимий шеринеси 7 томдук жаңы китеп тууралуу талкуулады

https://www.azattyk.org/a/qazaq-taryh-sherinesi-cana-ceti-tomduq_2025_chorotegin/33292712.html

29.10.2025.
Т.Чоротегин

Казак тарыхчылары: Жаңы табылгаларыбыз арбын Жакында Казакстандын борбору Астана шаарында казак улутунун жана жалпы түркстандык чөлкөмдүн тарыхына арналган илимий жыйын өткөрүлдү. Анда жазылып бүтүк калган...

Эгерде Ленин тирилип келсе... 21/01/2025

Эгерде Ленин тирилип келсе...

Ленин – "кызыл террордун" түптөөчүсү
(Азилдер жана даректүү малыматтар)

https://www.azattyk.org/a/lenin_cana_terror_21-01-2025_chorotegin/33283049.html

21.1.2025.
Т.Чоротегин.

Эгерде Ленин тирилип келсе... Кыргыз коому азыркы тапта деле Владимир Лениндин бейнесине карата карама-каршы пикирлери менен жиктелип келет. “Улуу атабыз – Ленин!” деп ураан чакырып чоңойгон ...

Пэлжидийн Гэндэн Сталиндин саясатына ачык айбат кылган 19/01/2025

Гэндэн 1935-жылы декабрда Сталинди "орустун жаңы падышасы болуп алыпсың!" деп сындаган

Сталинге ачык айбат кылган монгол мамлекеттик ишмери Пэлжидийн Гэндэн
https://www.azattyk.org/a/mongol_ishmeri_peljidiin_genden_2025_chorotegin/33281192.html

19.1.2025.
Т.Чоротегин.

Пэлжидийн Гэндэн Сталиндин саясатына ачык айбат кылган XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Монгол Эл Республикасынын бараандуу тарыхый инсандарынын бири Пэлжидийн Гэндэн өз элинин Маскөө таңуулаган тоталитардык идеологияг....

Кенесары чапкыны: Чөлкөм тарыхын калыс өздөштүрүү 17/01/2025

Кенесарынын өлүмү. Талаш жараткан кечирим суроо.Казак султаны Кенесарынын Кыргыз хандыгына каршы баскынчылыгы окуясы тууралуу сабак 1989-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандын мектептериндеги “Кыргызстан тарыхы” боюнча окуу программасына кирген.

Окуу китептерден тышкары энциклопедиялык китептерде деле Кенесарынын баскынчыл жортуулу тууралуу чагылдырылып келчү.

Бөөдө жерден кечирим суроо окуясын жалаң гана Кайрат инибиздин жеке калпыстыгы катары карабастан, жалпы эле эгемендик доорунда балдарды жана эрезеге жеткен муундарды атамекендик жана чөлкөмдүк тарыхка үйрөтүүдөгү педагогдук кемчиликтин бир мөмөсү катары карашыбыз деле абзел.

Азыркы тапта жумуриятыбызда көптөгөн университеттер “Кыргызстан тарыхы” сабагын кыскартып жана ал сабак боюнча мамлекеттик сынактарды жоюп салып жатышат. Ал мамлекеттик сынактарды жарандык таалим үчүн өзгөчө зарыл иш катары кайра калыбына келтирүү абзел.

“Чет өлкөлөрдүн каражаты менен ачылган орто жана жогорку окуу жайларда “Кыргызстан тарыхы” сабагы милдеттүү окутулабы?” деген суроо да жүрөк өйүтөт. Бул сабак мамлекеттик тил сабагы сыяктуу эле өзгөчө саясий мааниге ээ.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги дал ушул көйгөйлөрдү да астейдил иликтөөсү керек.

“Эсимде” аянтчасы сыяктуу коомдук долбоорлор көбөйсө, алардын мултимедиалык маалыматтары тарых сабагы үчүн кошумча каражат кызматын аткараары шексиз.

УТРК, ЭлТР сыяктуу каналдарда фолк-хисторичилердин “жөө жомоктору” эмес, тарыхый дарекке таянган тарыхчылардын баяндары обого чыгарылышы, тарых жана тарыхый инсандар жаатында көркөм жана даректүү тасмаларды, мултфилмдерди ж.б. жаратуу абзел.

Чет жактарда байырлаган айдыңдарды да интернет мазмунун жакшыртуу үчүн чыгармачыл кызматташууга чакырсак болот.
Айтор, тарых сабагы жана тарыхый сабаттуулук жаатында кооз сөздөрдөн көп тарамдуу педагогдук, жаратмандык жана уюштуруучулук ишке өтүүнү улантуу зарыл деп санайбыз.

*********

Кыргыздар чөлкөм тарыхын терең билүүсү шарт: Султан Кенесарынын баскынчылыгы окуясына бир беткей баадан улам
https://www.azattyk.org/a/kenesary_cana_egemen_qyrgyz_handygy_17-01-2025_chorotegin/33278766.html

17.01.2025.
Т.Чоротегин.
"Азаттык" үналгысы.

Кенесары чапкыны: Чөлкөм тарыхын калыс өздөштүрүү Жакында бир кыргыз ырчысынын казак султаны Кенесары тууралуу айткан бир беткей сөзү кызуу талкуу жаратты. Ошол эле учурда бул маселе Кыргызстанда жаш муундар өз э....

Want your business to be the top-listed Media Company in Bishkek?
Click here to claim your Sponsored Listing.

Telephone

Address


Azattyk
Bishkek
720000