Mmmm
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Mmmm, Entrepreneur, Bishkek.
05/04/2026
05/04/2026
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын санарип технология чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
https://www.gov.kg/ky/post/s/26152-ministrler-kabinetinin-toragasy-adylbek-kasymaliev-kyrgyz-respublikasynyn-sanarip-texnologiya-coirosunun-kyzmatkerlerin-kesiptik-mairamy-menen-kuttuktady
****
Председатель Кабинета Министров Адылбек Касымалиев поздравил работников сферы цифровых технологий Кыргызской Республики с профессиональным праздником
05/04/2026
05/04/2026
Айт арапасында Камчы Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте: «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен», — деп жарыялап калышты.
«Сыймык келсе, жакшы экен, күтөбүз», — деп күтүп отурдум.
Ичимден бир ой да кетти :
«Камчы Бишкекке келсе, Сыймык Берлинге келип, андан ары Польшага өтүп кетсе, эл: “булар дагы эмнени баштаганы жатышат?” — деп ойлобойбу?» — деп күмөн санадым.
Польшада «цветная революциянын борбору» бар экенин угуп жүргөндүктөн, тынчым ого бетер кетти.
Бирок эшик ачылганда, биз күткөн Сыймык эмес, Сыймык Бейшекеев кирип келди.
Ошентип, Сыймык Бейшекеев менен биринчи жолу жүз көрүшүп, тааныштык.
Ал тууралуу мурда көп угуп жүрчүмүн.
Садык Шер-Нияз анын «Күзгү нөшөр» деген ырынан абдан таасирленип, көп угарын айтып калчу.
Ал тургай:
«Ушул “Күзгү нөшөр” боюнча өзүнчө кино тартса болот», — деп да белгилеп жүрчү.
Кыргызда «атына заты жарашкан» деген сөз бар.
Сыймык Бейшекеевге бул аныктама толук туура келет экен деп ойлоп калдым.
Сыймык Бейшекеев — куру эффект куубаган, ырды чын дилден аткарган ырчылардын бири.
Ал татаал аранжировкалар же шандуу шоу менен угармандарды таң калтырууга умтулбайт. Анын башкы куралы — сезим.
Анын ырлары — ар бир адам жүрөгү менен сезе турган абал.
Ал адам менен түз сүйлөшүп жаткандай ырдайт.
Сыймык Бейшекеев — кыргыз эстрадасында салт менен байланышы үзүлбөгөн багыттын өкүлү.
Бул жерде обон формага караганда маанилүү, ал эми маңыз сырткы эффекттен жогору турат.
Ошондуктан анын ырларын бир эле жолу эмес, кайра-кайра уккуң келет.
Угармандар арасында ал жөнүндө жөнөкөй эле айтышат:
«элдик ырчы».
Мен элдик ырчы менен таанышканыма сыймыктандым.
29/03/2026
29/03/2026
29/03/2026
Чикагодон бир жигит «этти мариновать этип беребиз» дегенди ким туура кыргызчалап берсе, 25 АКШ долларын беребиз деп жарыялаганын угуп калдым. Актуалдуу маселе. Мен 25 доллар алуу үчүн эмес, чет тилдеги терминдерди кантип кыргыз тилине ылайыкташтыруу, бапташтыруу керек экени жөнүндө өз оюмду айткым келет.
ӨЗҮНҮН ТАРЫХЫ БОЛУП, ДҮЙНӨГӨ ТАРАГАН СӨЗДӨРДҮ ЖЕ ИЛИМ МЕНЕН ТЕХНИКАДА КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИН, ТҮШҮНҮКТӨРДҮ ТОЛУК КОТОРУП АЛМАШТЫРУУНУН КЕРЕГИ ЖОК. БОЛГОНУ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ ТУУРА ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУ КЕРЕК.
«Мариновать» деген сөздүн мисалында кыргызчалоону көрсөтөйүн.
«Мариндөө» сөзү франц. mariner, итал. marinare жана лат. mare — «деңиз» деген сөздөн келип чыккан.
Башында бул деңиз (туздуу) суусунда чылап, тамакты сактоо дегенди билдирген.
Туз — эң байыркы жана эң ишенимдүү консерванттардын бири. Ошондуктан, мисалы, Европада жана Россияда азык-түлүктөрдү туздоо жолу кеңири колдонулган: ушундай ыкма менен этти, капустаны, ошондой эле ар кандай жашылчаларды жана айрым мөмө-жемиштерди сакташкан. Мындай жол менен азыктарды узак убакытка — кийинки жазга чейин — сактоого мүмкүн болгон.
Ошентип, маринование башында кулинардык ыкма катары эмес, тамак-ашты сактоо жолу катары пайда болгон. Өзгөчө айлап деңизде узак сүзүү сапарына чыгышкан моряктар үчүн бул айрыкча маанилүү болгон. Алар азык-түлүктөрүн, мисалы этти, деңиз суусуна чылап сакташкан.
Бул жерде сөз бир нече күн эмес, жумалар жана айлар бою сактоо тууралуу болгон. Башында негизги максат бирөө эле — сактоо болгон. Даам экинчи орунда болгон. Бирок баары бир эт жыттанып, даамы өзгөргөн. Ошон үчүн этке ар кандай татымдарды да кошо башташкан.
Мариндөөнун негизи үч жөнөкөй факторго таянат:
— туз — нымды тартып алып, бактериялардын өсүшүн жайлатат
— кислота (уксус, шарап) — микроорганизмдерди басат
— татымалдар — бир жагынан коргойт, бирок негизинен даамды жакшыртат
Убакыт өткөн сайын мамиле өзгөргөн.
Этти жумшартуу, жагымсыз жытты жоготуу, даамына чыгаруу үчүн маринаддарга шарап, уксус, чөптөр кошула баштаган.
Акырындап мариндоо жашап калуунун ыкмасынан кулинардык куралга айланган.
Башкача айтканда, мариндоо
зарылчылыктан — искусствого чейин жол басып өткөн.
Ошентип:
мариновать — мариндөө,
мариновать этип — мариндеп.
Эгер кыргызча аналогун сөзсүз таап көрсөт десеңиз, ал — чыктоо.
P.S.
Илимий же техникалык терминдин маанисин билдирген түпкү тилдеги кыска уңгусун алып эле кыргызчалоо керек. А биз көбүнчө орусчалашкан түшүнүккө үстөк кылып, дагы кыргызча мүчө же соз кошуп, терминди эки эсе узартабыз.
Мисалы:
модернизациялоо, модернизациялаштыруу
автоматизациялоо, автоматизациялаштыруу
механизациялоо, механизациялаштыруу
ж.б.у.с.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Website
Address
Bishkek